Ысык-Көлдө 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсык болду (сүрөт)

141

Ысык-Көл областынын Балыкчы—Чолпон-Ата унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

30-август күнү саат 17:30дар чамасында «БМВ Х5» жана «БМВ 530» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен 5 адамдын өмүрү кыйылып, дагы 2 киши жабыркады.

«БМВ Х5» унаасын Кант шаарында жашаган 41 жаштагы аял башкарып бара жаткан. Ал эми «БМВ 530» автоунаасындагы рулда Каракол шаарынын тургуну болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь