Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Audi S4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги бордюрду сүзгөн. Жол кырсык 1-сентябрда болгон.

Натыйжада үч адам ар кандай жаракат алган. Жерине куткаруучулар барып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: