Эмне үчүн Бишкек шаарындагы «7-апрель шейиттери» мечити Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесине киргизилбегенин Башкы прокуратурадан АКИpress агенттигине айтып беришкен.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, мечит донорлордун акчасына курулуп, мамлекеттик баланска өткөрүлүп берилген.

«7-апрель шейиттери» деп аталган мечит 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда каза болгондорго арналып курулган. Курулушту Атамбаев демилгелеген. 2015-жылы апрель айында курулуш иштери башталып, ал эми мечит ушул жылдын 4-апрелинде ачылган.

Буга чейин Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча камакка алынган мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: