Бүгүн Бишкекте башталгыч класстын окуучуларына жол кире алынбайт

75

Бүгүн, 2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга маршруттук таксилерде жол акы алынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочулары жыйынга чогулган учурда чечим кабыл алынган.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууда бардык эрежелерди сактоого, аларга сылык мамиле кылууну, тазалыкты сактоону, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого, жүргүнчүлөрдү ашыкча салбоого чакырды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь