Бишкек шаарында 28-августта эртең менен топ балдар мушташып, анын кесепетинен  бирөө комага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу — 1988-жылы туулган М.А. тез жардам унаасы аркылу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул факт “ден соолукка оор зыян келтирүү” беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуядан кийин Улуттук госпиталга 1988-жылы туулган Б.У. да түшкөн. Бул факт “бейбаштык” беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар — 1985-жылы туулган Б.Ж. менен 1999-жылы туулган С.К. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: