«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1-сентябрда өзүнүн кичи мекени Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылына барды. Аны Бишкек–Ош жолунан айылдаштары тосуп алды. Анын менен кошо саясатчы Дүйшөнкул Чотонов да жүрөт. Маалым болгондой бүгүн, 2- сентябрда саясатчы түлөө өткөрүүнү пландоодо.

Эске салсак, 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгарган. Ал кичи мекенине баруу үчүн жазуу түрүндө уруксат алган. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы билдирүүлөргө жооп берип жатып маалымдады.

«Үй камагы бир административдик аймактан чыгууга жол бербейт, бирок ал (Текебаев) судьядан жазуу түрүндө уруксат алган. Муну менен режим бузулган жок», – деп жооп берди жактоочу.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: