Эң кубаттуу, бешинчи категориядагы “Дориан” бороону Багам аралдарындагы турак-жайларды талкалап өттү. Шамалдын ылдамдыгы саатына 285 чакырымга жетип, океандагы толкундар жети метр бийиктикке көтөрүлдү деп жазат BBC.

Буга чейин Багам аралдарынын тургундары жакынкы коопсуз аймактарга чыгарылган. Аралдын расмийлери учак каттамдарды алдын ала токтоткон болчу.

Түнү менен байланыш болбогондуктан, бороондун кесепетин так айтуу мүмкүн болгон жок. Бирок Абако сыяктуу аралдар толугу менен суу алдында калганы кабарланууда.

Коомдук медиага жарыяланган видеолордо турак-жайлардын чатырларын гана көрсө болот. Сууда кайыктар жана чакан кемелер дагы бар.

“Бороон аралды талкалап өттү. Турак-жайлар, инфраструктура жер менен жексен болду. Кудай жалгап адамдык жоготуулар болгон жок”,-деди Туризм министри Жой Жибрилу.

Бирок айрым маалымат агенттиктери сегиз жаштагы кыз бороон учурунда каза болгонун жазышууда.

Эми “Дориан” бороону чыгышка, Флорида, Түндүк жана Түштүк Каролина штаттары көздөй жылды.

Шамалдын ылдамдыгынан улам адистер “Дориан” бороону абдан кооптуу экенин белгилешүүдө. Метеорологдордун билдиришинче, “Дориан” 1992-жылдагы “Эндрюдан” кийинки эң кубаттуу бороон. 1992-жылкы табийгый кырсыкта 65 киши каза таап, 63 миң турак-жай талкаланган.

“Дориан” бороонунун кубаты азыр деле жогорулап жатат. Ал 75 чакырым аралыктагы аймактарда дагы сезилүүдө

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

  1. Hey! I could have sworn I’ve been to this site before but after reading through some of the
    post I realized it’s new to me. Anyhow, I’m definitely happy I found it and I’ll be book-marking and checking
    back often!

    My web-site: content hosting

  2. After I initially left a comment I appear to have clicked the -Notify me when new comments are added- checkbox and from now on every time a comment is
    added I recieve four emails with the same comment.

    Perhaps there is a means you can remove me from that service?
    Many thanks! 3gqLYTc cheap flights

  3. After exploring a handful of the blog articles on your
    site, I seriously appreciate your way of blogging. I book-marked it to my bookmark webpage list and will be checking
    back soon. Take a look at my website too and let me know what you think.
    cheap flights 32hvAj4

  4. I’m really impressed with your writing skills and also
    with the layout on your blog. Is this a paid theme or did you customize it yourself?
    Either way keep up the nice quality writing, it is rare to see a great blog like this one today.

    My homepage … cheap flights

  5. Nice post. I was checking continuously this blog and I am
    impressed! Very useful information specially the last part 🙂 I care for such info a lot.
    I was looking for this certain info for a long time. Thank you and good luck.

    Also visit my page black mass

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: