Депутат Жанар Акаев саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттерин салыштырып, чыныгы элдик колдоо кандай болоруна токтолду.

«Акыркы бир айда эки чоң саясий ишмердин үйүндө саясий окуялар болду. Биринчисинде элдерди чогултуп вальс бийлетип, ырчыларды ырдатып, бука-жылкы союп, көпчүлүгүнө акча берип, жасалма жол менен болсо дагы элди колдото албай койду. Кечээтен бери Акманда көрүп атам: кошунасы отургучун көтөрүп келет, келиндер төшөгүн, идишин алып келди. Накта чор таман, карапайым элдин колдоосун сездим. Чыныгы элдик колдоо мына ушундай болушу керек. Жүз милллион долларга дүйнөдөгү эч бир бир президентте жок хансарайларды куруп, жакшы жерде жашасаң дагы, бирок өзүңдүн элиң колдоп турбаса, бир тыйынга арзыбайт», — деди Акаев.

Жанар Акаевдин айтымында, Өмүрбек Текебаев ошол кездеги бийликке башын ийип, тилин тапса, эбак эркиндикке чыкмак. Бирок ал принциптерин саткан жок.

«Өмүрбек Чиркешович камаларын билген, айрымдардын «келбей эле коюңуз» дегенине карабай, түрмөгө, анча мынча кысымга даяр болуп, эл караган бетим жер карап калбасын деп учуп келди. Ошол эле саясатта көп жыл жүргөн башка бирөөлөр үйүндө жаш балдарга аялдардарга, куралдарга бекинди. Парламентте да айттым эле: өлкөнү, журтту, бүтүндөй элди 6 жыл башкарган адам өзүнүн чырактай болгон аскерлерине ок атабы…

Эми бийлик менен кызматташуунун ар кандай жолу бар. Өмүрбек Чиркешович саясатта отуз жылдан бери жүрсө, бизге мына үч эле жыл болду. Жанагы жарашып алуу, тилин табуу, макул болуу, жагалдануу деген нерселер бар да. Эгерде түрмөдө жатып: «кечирип кой, иттик менден кетиптир, эми сен менен гана кызматташам» десе боло беле? Түрмөдөн бошотушмак. Текебаев менен Чотоновдун сөзүнө бекемдиги, прициптеринен кайтпагандыгы, көжалдыгы, элдин оюнан уялгандыгы, беттегенин бербегендеги бизге окшогон, бизден кийинки саясатчыларга миң жылдап тарых боюнча кала берет. Кайсы тарапта болсок да, дайыма ошол чындыкты айтуудан тайманбаган, анча-мынча жеке кызыкчылык үчүн жакындарын сатпаган көкжалдарды колдогонго, адилеттүү сөзүбүздү айтууга даяр болушубуз керек», -деди Акаев.

Акаев Текебаевдин бошотулушу менен сот реформасына үмүт пайда болгонуна, убагында саясий себептер менен камалгандар акырындап эркиндикке чыгып жатканына да токтолду.

Эске салсак, үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев бүгүн кичи мекени — Акманда жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Аны коштоп ЖК депутататтары Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов, бир катар коомдук ишмерлер барган.

Булак: jebe.media

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: