Бишкекте Land Cruiser-200 унаасында бара жаткан айдоочу катарлаш унаага кысым көрсөтүп, аны Калашников автоматы менен ата турганын айтып коркуткан.

Биринчи май РИИБге шаар тургуну К.Р. кайрылып, окуя 31-августта саат 14:20 чамасында Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугун билдирген.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көп узабай шектүү — 1991-жылы туулган С.У. Бишкектеги соода борбор тараптан кармалып, унаасы менен кошо РИИБге жеткирилген. Анын унаасын текшерүү учурунда «МА-АК» үлгүсүндөгү (сыртынан Калашников автоматына окшош) аңчылык курал, 51 даана ок-дары, 7,62 калибр жана башка буюмдар чыккан.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: