Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору болуп дайындалган Керим Турапов Saat.kg сайтына маек курган. Анда учурда театрды оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатканын айткан.

Ага улай буга чейин Улуттук филармонияны дагы жетекетеп турганда ал жайды толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөргөнүн белгилейт. Бирок ошол кезде коомдо анын дарегине  “мамлекеттин акчасын жеди” деп айтылган айыптарга төмөндөгүдөй жооп берди.

“Ал учурда ШОСко даярдыктар башталган. Филармония убактылуу оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Каржы, акчага байланышкан иштерди президенттик администрациянын жетекчиси ыраматылык Медет Чоконович (ред.Садыркулов) колго алган. Жумушту убагында сапаттуу бүтүрөлү деп эки сменде иштегенбиз. Душман алыстан келбейт экен. Жанымда жүргөн достордун ичи тардыгынан эле болду. Убагында Адахан Кимсанбаевич экөөбүз аны депутат кылдык, министрге чейин көтөрдүк. Биздин колдообуз менен чоң-чоң кишилер менен алака түзүп, коюн-колтугуна кирип, дагы көтөрүлдү. Ал жигит – Ибрагим Жунусов болчу. Экөөбүз бир аз айтыша кеттик эле, артымдан текшерүү жөнөттү. Абийирим таза болгондуктан “билгениңди кылып ал” дедим. Эсеп палатасынан текшерүү жөнөтүп, алар кынтык таба алган жок. “Мындай жарабайт, Керимдин кармай турган ишин тапкыла”,- дептир. Алар “мыйзам буза албайбыз” деп баш тартышыптыр. Ошондо жеке аудиторлорду жалдап, коллективден айрым адамдарга “наам алып берем” деп кызыктырып, мага каршы тукуруп баштады. Кийин уксам мага мыйзамсыз иш баштаган аудитор да, мага каршы арыз жазган коллективдеги киши да каза болуп калыптыр. Экөөнүн өлүмү Ибрагим Жунусовдун абийиринде.”,- дейт Керим Турапов.

Ал кошумчалагандай кийин Ибрагим Жунусов мамилени оңдогонго ортого киши салып жүргөн. “Бирок мүнөзүм ушундай, жаныма жакын жуутпайм”-деп Турапов көңүлү калгандыгын билдирди.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: