Эстрада ырчысы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон шектүү кармалды. Бишкек ШИИБнен билдиргендей, 6-майда Октябрь райондук ИИБне А.Д. арыз менен кайрылган.

Анын арызында түнкү саат 01:45дер чамасында Гвардейская көчөсүндө жайгашкан үйгө белгисиз беткапчандар кирип, тапанча менен үйдүн ээсин коркутуп, $60миң жана 15 миң сом акча, алтын зер буюмдарын күч менен тартып алгандыгын жазган. Андан соң каракчылар из жашырып кеткен. Мындан улам жабырлануучу аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт “талап тоноочулук” менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагына жашырынган шектүүнүн изине түшкөн. Натыйжада Каракол шаарындагы кафелердин биринен 1995-ж.т. Б.М. кармалган. Анын Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү унаасын текшергенде, далил буюмдар алынды.

Учурда шектүү Б.М. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган шектүүлөр изделүүдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: