Бүгүн, 2-сентябрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак лицей мектебинин билим майрамына катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Билимге жана илимге умтулуу – адам баласынын өзгөчө касиети, табигый муктаждыгы. 1-сентябрь билим күнү коомчулугубузда ушул умтулуунун нукура башаты катары белгиленип келет. Ушул күнү көптөгөн жаш жеткинчектер биринчи ирээт мектеп босогосун атташат. Алар үчүн билим дүйнөсүнүн жаңы барактары ачылып, чоң келечектин алгачкы кадамдары ташталат. Билим, илим жана маданиятты сыйлаган коом үчүн бул чоң майрам.“-деди, Аманбай Кайыпов.

Куттуктоо сөзүнөн соң, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилилиги жана тышкы иштер министрлиги тарабынан белек катары берилген 30 миң сомдук 1-2-класстын 10 түрдүү 200 китебин аталган билим уясына тапшырды.

Майрамдык салтанаттан кийин дубан жетекчиси Аманбай Кайыпов мектеп босогосун жаңы аттаган жаш жеткинчектерди өзү мектепке киргизип, алгачкы сабагына катышты.

Облустун басма сөз кызматынан билдиргендей, быйылкы окуу жылында 5593 мугалим ишке киришсе, 1-сентябрга карата мектепке келүүчү жалпы окуучунун саны 58290ду түзөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: