1-сентябрь күнү Украинанын Киев шаарынан полиция кыргыз жаранын кармады. Анын сумкасынан үч граната, тапанча, жана октор табылган. Бул тууралуу Украинанын маалымат каражаттары жазды.

Полиция кызматкерлери супермаркеттин жанында токтоп турган Lexus үлгүсүндөгү шектүү унааны көрүшүп, айдоочудан документтерин сураган. Эркек киши тапанчасын чыгарып атууга аракет кылып, полицияга каршылык көрсөткөнүнө карабай ал колго түшүрүлгөн. Ал эми анын жанындагы эки шериги из жашырып кеткенге үлгүргөн. Бирок алардын документтери кармалган жарандын жанынан табылды.

Полицияны болжолдуу маалыматы боюнча, кармалган кыргыз жаран  адам уурдоо менен алектенген кылмыштуу топко тиешеси бар.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: