Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт

75

Кыргызстандын аймагында 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 11…16 градус, күндүз 19…24 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10 градус, күндүз 13…18 градус, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 градус, күндүз 17…22 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17 градус, күндүз 23…28 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14 градус, күндүз 19…24 градус, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь