Айдоочу:”Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын”

122

Садыр Жапаровдун уулу Дастанды сүзүп кеткен айдоочу Жапаровдун үй-бүлөсүндөгү чоң жоготуу үчүн жабырлануучулардан жана элден кечирим сурады. Анын кайрылуусу ютуб каналында жарыяланды.

«Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм, терең-терең кайгыруу менен көңүл айтам. Авариядан кийинки төрт күн бою Дастандын үй-бүлөсү менен чогуу жүргөм. Ушунчалык кайрымдуу, мээримдүү, кечиримдүү үй-бүлө экен. Дастандын жалпы үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын, келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Өмүрүмдүн аягына чейин карызым бар. Кудайдан, бүткүл кыргыз элимден, жүргүнчү кыздын үй-бүлөсүнөн да кечирим сурайм. Үйгө азык-түлүк, дары алып чыгып келе жаткам. Жаман ой менен жолго чыккан жокмун. Кырсык болуп калды», — деген айдоочу.

Эске салсак, Садыр уулу Дастан 22-августта мотоциклде баратып жол кырсыгына кабылган. Төрт күн комада жатып, өзүнө келбей 27 жашында каза болду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь