Айыл өкмөтү: Өмүргө кооптуу мектепте эмес, «мобилдүү мектепте» убактылуу окушат

112

Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсейитов Кеңеш айылындагы контейнерден салынган мектеп тууралуу «Маралга» айтып берген.

Алсеитовдун айтымында, Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда болгону үчүн ӨКМ убактылуу алты контейнер алып келип берген. Мындан улам окуучулар эскилиги жеткен, өмүргө кооптуу мектепте эмес, «мобилдүү мектепте» убактылуу окуп турат. Ошол эле учурда эски мектептин ордуна жаңы имарат качан түшөрү белгисиз экенин да кошумчалады.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда контейнерден салынган мектептин ачылышына алты чиновник катышкан сүрөт тарап, ал сынга кабылган болчу.

Булак: maralfm.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь