Ала-Арча суу сактагычындагы балыктардын зыянга учураганын териштирүү үчүн атайын коммисия түзүлдү. Бул тууралуу Экология коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров “Азаттыкка” билдирген.

Алдын-ала маалыматтар боюнча Ала-Арча суу сактагычында калдык сууларын коё берген учурда балыктар өлгөн. Суу сактагыч Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин көзөмөлүндө. Ал эми суудагы балыктар боюнча “балык өстүрүү максатында пайдаланса болот” деп өкмөттүн токтомунда бекитилген. Ошонун баарын дыккат иликтеп, тыянак чыгаруу үчүн коммисия иш алып барат”.

Учурда социалдык тармактарда суу сактагычта суунун көлөмү азайып, кир суу турганын жана миңдеген балыктар калкып чыгып калганы тууралуу видео тарап, кызуу талкууланып жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: