Алмазбек Атамбаев күнөөнү мойнуна алмак турсун, көрсөтмө дагы бербей жатат

112

Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирген.

Айтымында, Атамбаевге Кылмыш кодексинин бир канча беренеси боюнча кылмыш жасоого шектенүү тууралуу 14 билдирүү тапшырылган.

«Атамбаев күнөөлү деп эсептелүүдө. Бирок ал күнөөнү мойнуна алмак турсун, көрсөтмө дагы берген жок. Анын Кылмыш процессуалдык кодекстин нормасыны ылайык, жооп берүүдөн баш тартууга укугу бар», -деди жактоочу.

Эске салсак, мурдагы президент УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь