Бишкектин Жал кичи районунда мушташка катышкан кылмышкерлер кармала элек. Аларды Ленин РИИБи калкалап жатат. Бул тууралуу 28-августтун таңында Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдардан мыкаачылык менен токмок жеп, ооруканада эсине келе албай жаткан жабырлануучулардын жакындары кабарлашты.

Informator.kg басылмасы жазгандай, адамды аёосуз сабагандардын бир тууганы Ленин РИИБсинде иштегендиктен, ал туугандарын алды менен «белгисиз бирөөлөрдөн токмок жедик» деп арыз жаздырып койгон жана аларды жашырып, кесиптештеринин кармоосуна тоскоолдук кылып жатат.

Ал эми Бишкек ШИИБнин басма-сөз кызматы болсо, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталганын, алар — 1985-жылы туулган Б.Ж. менен 1999-жылы туулган С.К., аларга карата издөө жүрүп жатканын, жакында алар кармалып, мыйзам чегинде жоопкерчилик тарта турганын билдирет.

Аталган окуя болсо социалдык тармакта чоң резонанс жаратып, коомчулук адам сабаган бейбаштарга эң жогорку жаза берүүнү, аларга «бейбаштык» эмес, «адам өмүрүнө атайылап залал келтирүү», «адам өлтүрүрүүгө аракет жасоо» беренелеринин коюлушун укук коргоочулардан талап кылышууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: