Интернет тармагында Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык эмгек өргүүсүнө 500миң сом алгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бул маалыматты төгүндөп, “ 500миң эмес 5 сом көргөн жокмун. Калп” деди. Ал эки айлык каникулдун алкагында бир ай эл менен жолугушканын, анда Ысык-Көл облусуна, Суусамырга барганын кошумчалап өттү.
VI чакырылыштагы азыркы парламент 27-июнда VI сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышмак. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышкан. Жайкы эс алуудан кийин парламент 2-сентябрда жетинчи сессиясын баштады.