Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы жана Солтон-Сары алтын кениндеги окуя ошондой эле учурдагы кырдаал жөнүндө маселе каралды.

Анда комитет жыйынына “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси чакырылганына карабай келбей койгондугу эл өкүлдөрүнүн кыжырына тийди. Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновко кайрылып “Эмне мынча өкмөт калкалап жатасыңар же Кыргызалтын энеңердин оюнубу?” деп кайрылды.

Өз кезегинде Боронов бул сөз катуу тийгенин айтып “Эч ким калкалабайт,эмне себептен келбей койгондугун такташтырабыз” деп жооп кайтарды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: