7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөсү, коомдук ишмер Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты. Ал адеп-ахлактык жана бир катар себептерден улам, аны менен бирге криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жөнүндө кылмыш иши боюнча күбө катары болгондугуна байланыштуу комиссиянын ишине катыша албай турганын билдирди.

Жыйында комиссиянын ишинин регламентин жана иш-чаралар планын талкуулап бекитишти жана комиссиянын катчылыгы түзүлдү.

Комиссиянын катчылыгына депутат Бакытбек Райымкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана Алишер Мамасалиев кирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: