Кочкор районунда жаңы окуу жылында жаңы мектеп ачылды (сүрөт)

274

Бүгүн, 3-сентябрда Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагындагы Мантыш айылында жаңы мектеп ачылды. Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков, облус башчысы Аманбай Кайыпов, саясий ишмер Медеткан Шеримкулов, “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун өкүлү Недал Кумдил жана бир катар бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, лентасын кесишти.

Ушул жаңы салынган мектепке Таалайбек Курткаевдин аты ыйгарылгандыгы эң туура болгон. Мен бул инсанды жакшы таанычу элем. Эл дегенде ичкен ашын жерге койгон адам эле. Көзү өтүп кетсе да, анын жубайы Майрам Байтерекова фонд түзүп, мектептин салынышына чоң демөөрчү болуп берди“-деди, төрөга.

Өз сөзүнөн соң, жаңы мектепке куру кол келбегенин айтып, билим уясына 6 компьютер тапшырды.

Мындан сырткары Медеткан Шеримкулов баш болгон ишкерлер билим уясына акчалай белектерин, окуу китептерин беришти.

Буга чейин Мантыш айылында мектеп жок болгонуна байланыштуу эки жүз сексен окуучу Кызыл-Дөбө айылына барып келип окушкан. 2018-жылы Араб өлкөсүнүн “Ассанабилл” кайрымдуулук фонду тарабынан жүз миң АКШ доллары берилип, капсуласы салынган. Андан соң, “Таалайбек Курткаев” атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан да акча бөлүнүп, жалпы суммасы 2 млн 68миң сомго 250 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө мектепте 280 окуучу билим алып, 20 мугалим эмгектенип жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь