2-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, асманга эскертүү иретинде ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдады.

Баткендин Ак-Сай айылына жакын Кыргызстанга караштуу аймакта кыргыз жарандары дарыядан автоунаага шагыл жүктөп жатышкан. Аларга  суунун аркы жээгинен Тажикстандын чек арачылары келип, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок атышкан. Курман болгондор жана жаракат алгандар жок.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары чатактын себебин териштирип жана абал курчуп кетпеши үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: