Интернет колдонуучу Токтосун Шамбетов өзүнүн Фейсбук баракчасына “Ачып атканы контейнер мектеп. Барганы беш чиновник” деген шакаба постун жазды.

Маалым болгондой Нарын районунун Кеңеш айылында окуучулар жаңы окуу жылында мектепте эмес, мобилдик үйлөрдө окуй баштайт. Себеби Кеңеш айылындагы мектептин эски имараты авариялык абалда болгондуктан, өзгөчө кырдаалдар министрлиги кирүүгө кооптуу деген бүтүм чыгарган. 160 окуучу суук түшкөнчө мобилдик үйдө окумай болду. Кыш түшкөндөн кийин айылдан мектепке ылайыктуу турак үйлөр каралат.

Ал эми интернет колдонуучулар бул көрүнүшкө терс пикирлерин калтырууда. “Буларга таң калбай деле калдык го. Айыл өкмөт менен аким жылкы союп коноктогондур”,  ” Уялбаган төбөлдөргө иш бөлмөсүн контейнер менен куруп берүү керек” “Аң-сезим ушунчалык түшкөн экен бизде. Уялгандын оордуна, мактанып контейнерге мектеп ачып жатабыз”- деген комментарийлреди жазышкан.

Сүрөт “Турмуш” сайтынан алынды

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: