Ош шаарында салынган эстакадалык көпүрөгө тиешем жок, анткени мен Ош шаардык мэриясында иштеген эмесмин,кайсыл адамдар акталгандарын же жоопко тартылгандарын билбеймин“. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы Асылбек Жамшитов “Элдик Медиага” билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин 2-сентябрда Акман айылында Мелис Мырзакматов жөнүндө сүйлөгөн сөзүн көрүп, жакамды кармадым. Ош шаарында салынган эстакадалык көпүрөгө тиешем жок, анткени мен Ош шаардык мэриясында иштеген эмесмин,кайсыл адамдар акталгандарын же жоопко тартылгандарын билбеймин. Ал иш боюнча катышы бар аралашкан адамдардын бүгүнкү күндө көзү тирүү. “Калк айтса да калп айтпайт” дегендей, көпүрө чыры боюнча суралган, же өзү айткан акталган адамдар менен сүйлөшүп маалымат алып туруп, тактап билип текшерип айтса туура болмок. деди Асылбек Жамшитов.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев Акманда эл менен болгон жолугушууда Оштогу көпүрөнүн курулушундагы кылмыш ишине 20 аткаминердин тиешеси бар деген. Алардын 19у акталып, катарында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы дагы бар экенин айткан. Мындан улам эмне үчүн жалгыз гана Мырзакматов күнөөлүү бойдон калышы керек, бул үчүн башкы прокурор андан кечирим сурап, кайрадан ишин карап чыгышы керек деп билдирген.

Белгилей кетсек, Асылбек Жамшитов Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында иштеген. Ал эми Ош шаары статус боюнча облуска баш ийбейт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: