«Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат туура эмес. Бул боюнча өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат да чындыкка дал келбейт. Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы деп билдирет. Ал эми сөз болуп жаткан 16 миң га жер «Сары-Чат – Ээр-Таш» коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес.

Буга байланыштуу Өкмөттүн аппаратынан ММКларда жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырды. Ошондой эле Эсенгулов Кыргыз Өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп өттү. 

Белгилүү болгондой, 26 миң гектар жер аянты Кумтөр Голд Компаниге 1997-жылы берилген. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Баса белгилей кетүүчү нерсе, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда ЖЕР маселеси тууралуу каралган эмес жана сөз да болгон жок (Юстиция министрлигинин сайтынан жана ТОКТОМ базасынан келишим менен таанышсаңыздар болот). Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 млн доллардан дагы 150 млн долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы Өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишип, аны менен бирге өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жок.”-деп айтылат маалыматта. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: