Алмазбек Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп таанылды

86

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунун УКМКнын имаратында көчмө жыйыны болуп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп таанылды. Андан тышкары, сот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырганын “Кабар” агентти жазды.

Адвокаттын айтуусунда Атамбаев нааразычылык ирээтинде тергөөчүлөр менен соттордун эч бир суроосуна жооп берген жок.

Эскерте кетсек, Атамбаев 8-августта кечинде кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь