Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

78

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Аны депутаттарга Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков тааныштырды.

Алмасбек Абытов 1966-жылы туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги жаӊы туруктуу өкүлү өкмөттүн аппаратына барганга чейин узак жылдар Жогорку Кеӊештин аппаратында жооптуу кызматтарда иштеген. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Эске салсак, өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги мурдагы туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда каза болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь