Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлган эмес. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мурунку президент А.Атамбаевдин коррупциялык жосундары боюнча тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Бишкек шаарынын 7-кичи районунда жайгашкан «7-апрель шейиттери» мечити А.Атамбаевдин каражатына курулгандыгы аныкталган.

Бишкек шаарынын Юнусалиев 173/1 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер тилкеси Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүш фирмасы» ЖЧКга катталган.

«Аталган мечит камакка коюлбаганын билдиребиз жана анын ишмердүүлүгү чектелген эмес. Учурда мечитти курууга сарпталган акча каражатынын булагын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: