Жалаң тез татым менен тамактанган баланын көзү көрбөй калды

77

17 жаштагы британиялык бала жалаң тез татым азыктар менен тамактанып жүрүп, сокур болуп калды. Дарыгерлер коңгуроо кагып, туура тамактанууга үндөп жатат.

Британиянын Бристол шаарынын дарыгерлери туура эмес тамактанганы үчүн өспүрүм бала сокур болуп калганын маалымдашты. Бул окуя бүтүндөй өлкөдө кызуу талкуу жаратты. Окуучу бир нече жыл бою “чипс” же “принглс” сыяктуу азыктар менен тамактанган. Айрым гана учурда колбаса же сосиска жеген экен.

Би-би-си жазган маалыматта, изилдөө өспүрүмгө витамин жетишпей, анын организми начарлаганын аныктады.

“Тамакты тандап жеген”

Өспүрүмдүн чыныгы ысымы аталган жок. Дарыгерлер бейтапты алгач 14 жашында кабыл алышып, жалаң тез татым менен азыктанган бала өзүн алсыз сезгенин жазышкан. Жаш балага B12 витамини жетишсиз экени аныкталып, дарыгерлер туура тамактануу керек экенин түшүндүрүшүп, витаминдерди жазып беришкен. Бирок өспүрүм бул кеңешке кулак салган эмес.

Үч жыл өткөндөн кийин өспүрүм кайрадан ооруканага келип, көзү начарлап баратканын айткан.

“Жалаң тез татым менен тамактанган экен. Жашылча-жемиш эч жеген эмес. Ал “тамакты тандап жейм, көп азыктар жакпайт, ошондуктан чипс жейм” деп айтты. Ага тез жасалган, куурулган тамак гана жагат экен”,-дейт дарыгер Денис Атан.

Өспүрүмгө B12 витамининен тышкары, ден соолукка маанилүү болгон селен жана D витамини дагы жетишпейт.

Өлкөнү дүрбөткөн кейиштүү окуя

“Анын ашыкча салмагы жок болчу, бир гана витаминдер жетишпейт эле”,-дейт дарыгер Атан.

Өспүрүмдүн көзү акырындык менен начарлап, учурда ал китеп же телевизор көрө албай калды. Жаш бала көчөдө жалгыз баса алат, бирок алысты көрө албайт. Витамин жетишпегендиктен пайда болгон дартты оңой эле дарыласа болот. Бир гана оорууну эрте аныкташ керек эле. Көпкө чейин дарылабаса, көздөгү нервтер өлүп, бейтап өмүр бою сокур болуп калат.

Дарыгерлер мындай илдеттер кеңири жайылганын эскертти. Ошондуктан ата-энелерди туура тамактанууга көңүл бурууга үндөйт.

“Балаңыз тамакты тандап жеп жатса, сөзсүз адистерге кайрылыңыз. Ошол эле витаминдерди башка жол менен жеткирсе болот. Балким, айрым жашылчаларды тамакка акырындык менен кошуп, баланы көндүрүү керек”,-дейт Атан айым.

Ошол эле убакта мультивитамин таблеткалары көйгөйдү чечпейт деген дарыгерлер да бар.

“Витаминдерди туура, тең салмактуу азыктануу аркылуу алуу абдан маанилүү. Ошол эле учурда витаминдин бир түрүн ашыкча топтогон дагы ката. Өтө эле аша чаап кетпеңиздер”,-дейт дарыгер.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь