Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүп, алардын баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды.

Экс-мэрлер 6-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында болот. Ошондой эле бул кылмыш иш боюнча айыпталып жаткан башка шектүүлөрдүн да баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды.

Отурумундун жүрүшүндө А.Ибраимов өз укугун пайдаланып, мамлекеттик айыптоочулардын «Дастан» ААК эпизоду боюнча суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.

Булак: barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: