28-августта Ахунбаев жана Курчатов көчөсүнүн кесилишиндеги массалык мушташтан 2 адам денесине оор зыян алган. Учурда алар улуттук госпиталда дарыланууда.

Оорукананын дарыгери Эркин Абдыкалыковдун айтуусунда жабырлануучулардын абалы оор туруктуу деп бааланууда. Бирөөнүн баш сөөгүнө кан уюп калган. Ал эми экинчи жабырлануучунун жаак сөөктөрү сынган. Азыркы учурда экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

Ал эми кылмышка шектүү делген Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков  учурда табыла элек. Бул туралуу ШИИБ басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасова билдирди.

“Ленин райондук ИИБнын ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, изделүүдө” деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, издөөдө жүргөн шектүү кылмышкердин бир тууган агасы орган кызматкери экенин ИИМ министри Кашкар Жунушалиев моюндаган. Ошол эле окуя болгон күнү милиция кызматкерлери менен издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышов унаада кайсы бир жагдай боюнча сүйлөшкөнү маалым болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: