Кыргызстанда акчалуу айрым саясатчылар спорт клубун ачып, андагы машыккан спортчуларды шайлоо же митинг башаламандык учурунда курал катары колдонууну өнөкөткө айландырып алышкан. Андай кадамдар менен өлкөдөгү спорт маданиятын сыйлабагандыктары абдан эле өкүнүчтүү. Бул туурасында бүгүн ММА боюнча тажрыйбалуу машыктыруучу Кенжебек Чекиров жана журналист Семетей Талас уулу “Элдик Талкуу” берүүбүзгө келип маек курушту.

Негизинен спорт искусствосу саясаттан тышкары болуш керек. Мага деле клубума келип командам менен партия же жана башка саясий уюмдарга кошулууну сунуштагандар көп болгон, бирок менин башкы максатым Кыргызстандагы спортту өнүктүрүү болуп жаткандан кийин аларга кошула албайм”- дейт Кенжебек Чекиров.

Ал эми Семетей Талас уулунун айтымында учурда спорт менен жүрүп, ошол эле учурда айрым бир саясатчылардын куралына же криминалдык чөйрөгө аралашып алган спортчулар да четтен чыгат. Бул бүгүнкү күндүн чоң маселеси экенин билдирди. “Бул нерсеге чекит коюп муну көзөмөлгө алыш керек. Анткени элестеткиле кечээки кумир туткан спортчуң, эртең бир криминалист менен чогуу жүргөнүн? Аны көргөн күйөрман жаш спортчу кандай тарбия алат? Ошон үчүн, ооба спорт акырындык менен өнүгүп келе жатат, бирок кандай багытта андан ары кетет, көзөмөл болуш керек”- деп кошумчалады Семетей Талас уулу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: