Нарын районундагы Кеңеш айлында контейнерде билим алып жаткан окуучулар үчүн Фейсбуктун колдонуучулары мектеп салып берүүнү сунуштап жатышат. Ишкерлер жана жөнөкөй жарандар колунан келген жардамын берээрин жазышууда. Мисалы, курулуш материалдарынан жана акчалай жардам берем дегенден сырткары, эгер курулуш башталса түшкү тамагын уюштуруп берем дегендер дагы бар.

Демилгечилердин бири коомдук ишмер Жамалбек Ырысалиев эгер өкмөттөн каршылык болбосо, бул мектеп ашар жолу менен тургузуларын айтты.

1.Джураев Абдушукурдөн 50 миң кирпич, 2.Мухан Осмоналиевтен 10 куб жыгач 3.Рустамбек Уулу Советбектен 20 миң кирпич4….

Опубликовано Мырзабек Конурович Вторник, 3 сентября 2019 г.

Эске салсак, Кеңеш айылында быйыл жаңы окуу жылында окуучулар мобилдүү мектепке киришкен. Бул социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, балдардын контейнерде билим алуусу өкмөттүн ишине жем таштады. Ал эми айыл өкмөт башчысы мектеп авариялык абалда болгондуктан, балдар убактылуу суук түшкөнчө аргасыздан окуй тургандыгын билдирген. Мектепте жалпы 160 окуучу билим алат.