Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыктын конкреттүү аспекттери талкууланды. Андан тышкары, эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери да каралган.

Чыңгыз Айдарбеков 2017-жылы Япония Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртууга 5,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам бергендигине ыраазычылык билдирди.

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган “Чөптүн тамырлары жана адам коопсуздугу” аттуу Япония Өкмөтүнүн Программасын натыйжалуу ишке ашырып жаткандыгы белгиленди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: