31-август күнү кечинде Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү сүзүп өтүү учурунда дайынсыз жоголуп кеткен. Аба-ырайы бузулгандыгына байланыштуу аны коштоп бара жаткан куткаруучулар да адашып калышкан.

Асрандиев арадан 18 саат өткөндөн кийин гана аман-эсен табылган. Издөө опперациясына эки катер жана ӨКМ куткаруучулары катышкан. Эркин Асрандиевдин айтымында аны издөөгө сарпталган чыгымды төлөп берүүгө даяр болчу.

Мен ӨКМдин жетекчилигине кайрылып чыгымды санап берүүнү суранып аны төлөп берейин дедим. Бирок алар акча алуудан баш тартышты, анткени мыйзам жол бербейт экен. Канткен күндө да мен өз ыктыярым менен куткаруучуларга сууда сүзүү жабдыктарын белек катары тапшырып коюууну туура көрдүм”-деди Асрандиев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: