Бишкекте ырайымсыз сабалган балдардын окуясына байланыштуу Ак үйдүн алдында тынчтык митинги өттү. Чогулгандар зөөкүрлөгө каршы күрөш күчөтүлүп, тез арада күнөөлүүлөр кармалып, өз жазасын алуусун талап кылышты. Ур-тепкиге алган балдардын милиция кызматында иштеген агасы иштен четтетүү менен гана чектелбестен, жазага тартылсын деген талаптарды коюшту.

Токмок жеген балдардын жакындарынан кечирим сурагандын ордуна, ал кызматынан кол жууганына кейип жатат” -деп ачууланат нааразылыкка чыккандардын бири.

Мындан тышкары маалымат ачык камсыздалып кылмышкерлердин өлкөдө бар жоктугун чек ара кызматы тактап берүүсү керектигин айтышты. Эгерде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бул маселени өзү чече албаса, президент дагы өз көзөмөлүнө алсын деген ураанда Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: