Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок Өкмөт Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет.” Бул тууралуу Өкмөттөн билдирди.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр экендиги жана 2020-жылдын планына киргизилгендиги айтылат.

Белгилей кетсек, Кеңеш айылындагы окуучулар контейнер мектепте окуп жаткандыгы коомчулукта кызуу талкууга алынып, кайдыгер эмес жарандар ашар жолу менен мектеп салып берүүнү демилгелеп чыгышкан.

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанда 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. 2019-жылдын аягына чейн Өкмөт тарабынан жалпысынан 64 объекттин курулушун аяктоо жана 33 социалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүү пландалып жатат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: