Каланбек Маркаев Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңыдан дайындалган акимди өкмөттүн облустагы өкүлү Акрам Мадумаров жалпы жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалаган.

Каланбек Маркаев буга чейин “Ошэлектр” ААКнын Баткен областы боюнча атайын өкүлү жана Баткен райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: