6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү Абу-Дабиде Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье беттеше турчу UFC 242 турнири өтөт. Бул мелдешке конок катары чакырылгын кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жана Генри Сехудо дагы учуп келишти.

Буга чейин Сехудо Шевченкого чакырык таштап келген. Эки мушкер Абу-Дабиде жолугушуп, анда тамаша ирээтинде күрөшкөн. Натыйжада Валентина муунтуу ыкмасы менен эркек мушкерди жеңип алган.