Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов сотторго камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун ишин калыс кароого чакырды. Ал бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жапаровго 2014-жылдагы мунапысты колдонуп, жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча жактоочуларынын өтүнүчүн соттор канааттандырбаганын сындады.

«Жапаровдун адвокаты сотторго амнистия колдонуу боюнча кайрылса аны эки инстанция тең жокко чыгарды. Бул амнистия баарына эле колдонулуп, эмне үчүн Садыр Жапапровго келгенде эле колдонулбай калат? Мен сотторго кайрылам. Силер мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү карагыла. Соттор Жогорку Кеңешке шайланганы келгенде баары тең «мыйзам чегинде иштейбиз» деп жооп беришет. Сот болуп алгандан кийин мыйзамга карабай өзүлөрү билгенин кылып атышат», – деди Жамалдинов.

www.azattyk.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: