Бишкекте акча уурдоого шектүү делген 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
20-июлда Свердлов РИИБине А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Дордой» базарынан сумкасындагы 358 миң рубль акчасын уурдатып жибергенин айткан.
Криминалдык милициянын кызматкерлери уурунун изине түшүп, окуяга шектүү катары 1991-жылы туулган М.Д. аттуу кызды кармаган. Кармалаган жаран ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.