Кантөрө Токтомаматов атындагы борбор ачылды

117
Бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде Кантөрө Токтомаматов атындагы инновациялык санарип-технологиялык жана экономика изилдөөлөр борбору ачылды.
Бул тууралуу аталган окуу жайдын кызматкери Ардак Каныбек уулу билдирди. Ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат жана Манас-Түрк университетинин ректору жана TIKA агенттигинин өкүлдөрү катышты.
Маалым болгондой TIKA агенттиги атайын борбордун ички жана сырткы жасалгасын жасап берген. Максаты университет менен Түрк элчилигинин ортосунда билим берүү боюнча кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү, студенттерге ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь