Караколдо 27 жаштагы жигит мектеп директору болду

136

Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Урумовдун айтымында, мектепке жаңы көз караштагы жетекчи зарыл болгондуктан Карыбаев тандалган. Бул тууралуу Sputnik.Кыргызстан маалымат агенттиги жазды.

“№6 мектепте республикалык ири долбоор ишке ашырылат. Андыктан, мектепке долбоорлор боюнча кенен ой жүгүрткөн адам керек болду. Жоомарттан үмүтүбүз чоң”, — деди Урумов.

Жоомарт Карыбаев 1992-жылы Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында төрөлгөн. Каракол педагогикалык колледжин аяктаган. Ал эми жогорку билимди Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алып, орус тили жана адабияты мугалими адистигин аяктаган.

Буга чейин башталгыч класстарга дене тарбия, орус тили жана адабияты боюнча сабак берип, Ысык-Көл телерадиокомпаниясында диктор болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь