Кыргыз Өкмөтү Ирактагы Кыргыз Республикасынын жарандарын-балдарын  алып келүү маселесин иштеп чыкты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар өз ара кызматташып, иш алып барууда. Ирактан жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумуш топ түзүлдү. Жакынкы арада жумуш топ тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды.

Мекемелер аралык жумуш топ тийиштүү квалификациялуу адистерди, психолог жана теологдорду тартуу менен  балдарды калыбына келтирүү жана кайра интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты.

Мындан тышкары Сирия Араб Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын турган жери тууралуу маалыматтарды жана алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: