Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Эмилбек Алымкулов бүгүн, 6-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырылды. Аны тааныштыруу үчүн өкмөттөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова барган.
Өмүрбекованын айтымында мурдагы облус башчы Аманбай Кайыпов жаңы кызматка дайындалат жана ишине киришип жаткан Алымкулов өкмөттүн ишенимин актайт деген үмүтүн билдирди.