Аманбай Кайыпов өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, буга чейин төрага болуп келген Жыргалбек Сагынбаев бүгүн аталган кызматынан бошотулган.