Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болду, жабыркагандар бар

114

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, эки кызматкер жабыркады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Электр станциялары” ишканасынан билдирген.

Маалыматка ылайык, бүгүн түтүктөрдүн биринде убактылуу өчүрүлүү болду.

“Жеңил күйүк алган эки электр ширетүүчү кызматкер ооруканага жаткырылды. Алардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Ал эми турбина калыбына келтирилип, ишке киргизилген”, – дешти ишканадан.

Авария эмне себептен келип чыккандыгы комиссиянын ишинен кийин билинет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь