Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде  сабалган балдардын окуясына барган милициянын кызматкерлери камакка алынган. Бирок азыркы учурда анын бирөө чыгып кеткенин, ал ошол жерге барган экипаждын командири экенин журналист Азият Жекшеев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. Ошондой эле чыгарып кеткен адам анын атасы экенин билдирген.

“Өтө мыкаачылык менен сабаган шектүүлөрдү кой берип койду деген экипаждын эки кызматкерин камакка алып, ал эми экипаж командирин адвокат атасы келип чыгарып кетиптир. Учурда жакындары кайрылып иш акыйкат каралган жок деп нааразы болууда! 28- августта Жалдагы маркеттин алдындагы массалык уруштан 2 адам денесине оор жаракат алган”

Өтө мыкаачылык менен сабаган шектүүлөрдү койберип койду деген экипаждын эки кызматкерин камакка алып ал эми экипаж…

Опубликовано Азият Жекшеев Пятница, 6 сентября 2019 г.